Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 5/5
Тобой айылындагы № 15-16 УДТ нын башкы дарыгери Акназарова Кенжайымдын арызы жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын Тобой айылындагы №15-16 УДТнын башкы дарыгери Акназарова Кенжайымдын арызын канаттандыруу максатында УДТнын ээлеп турган 740м2 жер аянтынын ичинен 21м2 жер аянтына муниципалдык дарыкана куруу үчүн токтом чыгарып берүүнү сурап жазган сунушту угуп жана жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Тобой айылындагы №15-16 УДТнын үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун башкы дарыгери Акназарова Кенжайымдын арызына ылайык муниципалдык менчиктеги үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун УДТ ээлеп турган 740м2 жер аянтынын ичинен 21м2 жер аянтына муниципалдык дарыкана куруу үчүн уруксат берилсин.
2. Тиешелүү документтерди тактап даярдап берүү Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси: О.Мурзаевге, юристи С.Назаров менен биргеликте милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |