Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-апрели № 5/6
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №177 токомунун негизинде Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №571 токомунун негизинде муниципалдык менчикте турган жер участокторду жеке менчикке жана ижарага берүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №1997-III токтомунун негизинде мамлекеттик кайра бөлүштүрүүнүн фондунун жерлерин ижарага берүү, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №306 токомунун негизинде асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү, муниципалдык менчикте турган жер участокторду жеке менчикке жана ижарага берүү, мамлекеттик кайра бөлүштүрүүнүн фондунун жерлерин ижарага берүү, асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүү боюнча комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: Ж.Абдыкадировдун сунушун угуп жана жана талкуулап Барпы айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү», «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү», «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө берүү» Барпы айыл өкмөтүнүн алдында төмөндөгүдөй курамда комиссиянын курамы бекитилсин.
1.1.Комиссиянын төрагасы- Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: Ж.Абдыкадиров.
1.2. Комиссиянын төрагасынын орун басары- Айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча орун басары: Т.Касымов.
1.3.Комиссиянын мүчөсү- Барпы айылдык кеңешинин депутаты: Д.Эргешов.
1.4.Комиссиянын мүчөсү- Барпы айылдык кеңешинин депутаты: М.Эгамбердиев.
1.5.Комиссиянын мүчөсү-Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси: О.Мурзаев.
1.6.Комиссиянын мүчөсү-Барпы айыл өкмөтүнүн юристи: С.Назаров.
1.7.тийиштүү айыл башчылар.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |