Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/3
Барпы айыл аймагындагы кыш заводдор менен түзүлгөн келишимди кайра кароо жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясындагы күн тартибиндеги кыш заводдор менен түзүлгөн келишимдерди кайра кароо жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы кыш заводдор менен түзүлгөн 400 000 (төрт жүз мин) сом соц пакет эске алынып, макулдашуулардын негизинде ар бир гектар жерге 70000 (жетимиш миң) сомдон пайдалануу үчүн бекитилсин.
2. Келишимди түзүү, түзүлгөн келишимдерге ылайык ижара акыларын ондүрүүнү уюштуруу иши Барпы айыл өкмөтүнун башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |