Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/5
Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн «Элхан» МЧББнун башчысы: Баймуратова Гулпаринин кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессияга күн тартибиндеги 18.07.2017-жылдагы № Б-83 сандуу “Элхан” балдар бакчасынын жетекчиси Баймуратова Гулпаринин бала-бакчасынын 4 бөлмөсүнүн полун алмаштырууга каражат сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Барпы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен “Элхан” МЧББнун 4 бөлмөсүнун полун алмаштыруу үчүн 150 000 (бир жүз элуу миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын келишимдин негизинде төлөп берүү жагы КЭБнун башчысынын милдетин аткаруучусу Г.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |