Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/6
Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнун №85 «Ынтымак» жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Боржуева Карачачтын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы күн тартибиндеги №85 “Ынтымак” жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору К.Боржуеванын 18.07.2017-жылдагы кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл аймагындагы №85 “Ынтымак” жалпы орто билим берүүчү мектебинин архиви жана көмүрканасын оңдоп ремонттоого, уста акысына мектептин кезектеги ремонтуна жетпеген курулуш материалдарын сатып алууга, өрт коопсуздугуна шиттин жетпеген инвентарларын сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 44,320 (кырк төрт мин уч жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын келишимдин негизинде төлөп берүү жагы КЭБнун башчысынын милдетин аткаруучусу Г.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |