Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/10
Барпы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы «Ай-Нуру» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү калыптандыруу борбору жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессияга күн тартибиндеги: Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин “Ай-Нуру” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү калыптандыруу борборунда эмгектенген 6 кызматкерлерге эмгек акы төлөп берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Таштак айылында жайгашкан “Ай-Нуру” ден-соолугунун мүмкүнкүнчүлүгү чектелген балдардын күндүзгү калыптандыруу борборунда эмгектенген 2 кызматкерге 2018-жылга чейин эмгек акы үчүн 50000 (элуу мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы КЭБнун башчысынын милдетин аткаруучусу Г.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |