Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/11
Барпы айыл өкмөтүнүн Пригород айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын кун тартибиндеги Пригород айылынын тургундарынын сугат суусун чон каналдан чыгаруучу насостун трубаларын алмаштырууга жана суу насосунун айланасын бетондоп тосуп, үстүн навес кылып жобуу үчүн каражат бөлүп берүү боюнча жазган арыз кайрылуусун угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Пригород айылындагы чон каналдан улуштук жерге сугат суусун тартып берүүчү суу насостун чириген тетиктерин алмаштырууга жана насостун айланасын тосуп, үстүн навес кылып жабуу үчүн 50000 (элуу мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы КЭБнун башчысынын милдетин аткаруучусу Г.Султановго милдеттендирилсин.
3. Төктөмдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзумө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |