Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/12
Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндөгү №64 Т.Токтогул атындагы жалпы билим Берүүчү мектептин директору: А.Осмонованын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги №64 Т.Токтогул атындагы орто мектебинин жылытуу системасын ремонттоого каражат сурап жазган 10.07.2017-жылдагы №А-81 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Сай айылында жайгашкан №64 Токтогул атындагы орто мектептин жылытуу системасын ремонттоо учун 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы КЭБнун башчысынын милдетин аткаруучусу Г.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |