Редакцияот 30.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин ХVII чакырылышынын VIII сессиясы

 

2017-жылдын 30-июну № 1

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү менчикке чыгып кеткен обьектилерди тактоо иштерин жүргүзүү жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү менчикке чыгып кеткен обьектилерди тактоо иштерин жүргүзүү жөнүндө Кеңештин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү обьектилердин менчикке чыгып кеткен себептерин жана мыйзамдуулугун ошондой эле менчик укугун тастыктоочу  тиешелүү иш кагаздарын тактоо иштери жүргүзүлсүн.

2. Тактоо иштерин жүргүзүү жагы турак-жай боюнча башкы адис М.Абдрахмановго тапшырылып, тез аранын ичинде жыйынтыктоо керек экендиги белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Ш.Кабаевге жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Ж. Иманкулов