Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-июлу № 1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюжетине лицензиядан түшкөн 607, 0 миң сом кошумча каражатын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюжетине лицензиядан түшкөн 607,0 (алты жүз жети миң) миң сом акча каражатын А.Капаров атындагы орто мектебинин от казанын курууга жана башка курулуш иштерине жумшалсын.
2. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн атайын каражатынан кошумча түшүүчү (род взнос) акча каражаты 80,0 (сексен миң) миң сом бекитилсин.
3. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2017-жылга MSDSP долбоору боюнча келген II –транш акча каражаты 288,2 (эки жүз сексен сегиз мин эки жүз) сом менен бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык, Казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Дөөлөтбаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Кабаевге милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Иманкулов |