Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/14
Маркай, Сай, Ачы айылдарындагы көчкү коркунучунда жашаган тургундарды коопсуз жайга көчүрүп турак жай менен камсыз кылуу максатында жер аянтын трансформация кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги Маркай, Сай, Ачы айылдарындагы көчкү коркунучунда жашаган тургундарды коопсуз жайга көчүрүп турак жай менен камсыз кылуу максатында жер аянтын трансформация кылуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин 19.07.2017-жылдагы № 447 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Маркай, Сай, Ачы айылдарындагы көчкү коркунучунда жашаган тургундарды коопсуз жайга көчүрүп турак жай менен камсыз кылуу максатында Курук-Сай учаскасындагы № 152 контурдан 5,0 га, № 405 контурдан 2,0га кайракы, Курук-Сай участкасындагы №153 контурдан 5,0 га, №398 контурдан 2,0 га жайыт, Жар-Кыштак участкасындагы № 1026 контурдан 9,6 га жайыт жер, жалпы 23,60 га жер аянтын трансформация кылууга уруксат берилсин.
2. Трансформация кылууга тандалган 23,60 га жер аянтынын документтерин даярдоо жагы Барпы айыл өкмөтүнүн юристи С.Назаровго жана жер адиси О.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |