Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/15
Комсомол айылынын тургуну Жусупов Алымдын арызы жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги Комсомол айылынын тургуну Жусупов Алымдын арызы боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин 19.07. 2017-жылдагы № 445 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн комсомол айылындагы №475 контурдагы Комсомол Барпы автожолунун боюндагы айыл чарбасына жараксыз 0,01 га жер аянты аукцион аркылуу убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Аукцион аркылуу убактылуу пайдаланууга берилүүчү жер аянтынын документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн юристи С.Назаровго жана жер адис О.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |