Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/16
Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы тала стандарын жери менен Барпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы талаа стандарын жери менен Барпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жөнүндө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин 30.06. 2017-жылдагы № 394 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы талаа стандарын жери менен документтерин тактагандан кийин, Барпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталсын.
2. Талаа стандарын жери менен тактап, муниципалдык менчике каттаттуу жагы айыл өкмөтүнүн юристи С.Назаровго жана жер адис О.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |