Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/17
Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай участкасындагы №363 контурдан «Юни-Строй» ЖЧКоомуна топурак карьерге бирилген лицензиясынын негизинде ижарага берүү жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай участкасындагы №363 контурдан «Юни-Строй» ЖЧКоомуна топурак карьерге бирилген лицензиясынын негизинде ижарага берүү жөнүндөгү Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевдин 17.07. 2017-жылдагы № 441 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай участкасындагы №363 контурдан Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги тарабынан «Юни-Строй» ЖЧКоомуна 04.05.2017-жылдагы №5385 ТЕ сандуу топурак карерге бирилген лицензиясынын негизинде топурак казууга жер маселелери боюнча комиссиянын сунушунун негизинде уруксат берилсин.
2. Уруксат берилген жер аянтынын документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн юристи С.Назаровго жана жер адис О.Мурзаевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сыргабаевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |