Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/18
Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде эмгектенген жаш кадрлар жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаш мугалимдерге Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнөндөгү” мыйзамынын 32-беренесине ылайык колдоо көрсөөтүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 32-беренесине ылайык Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен мектептерге келген жаш адистерге колдоо көрсөтүү 12 (он эки) мугалимге 5000 (беш мин ) сомдон жалпы 60000 (алтымыш мин) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы КЭБнун башчысынын милдетин аткаруучусу; Г.Султановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |