Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-июлу № 6/21
Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Айыл айылынын айыл башчысы: Давлетов Кубанычтын кайрылуусу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын күн тартибиндеги Жаны-Айыл айылынын айыл башчысы; К.Давлетовдун Молдали Осмонов көчөсүнүн этегиндеги сел арыкты чаап, тазалоо үчүн каражат сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен Жаны-Айыл айылындагы Молдали Осмонов көчөсүнүн этегиндеги сел арыкты чаап, тазалоого 20000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп беруу жагы каржы- экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Барпы айылдык Кеӊешинин төрагасы | А. Абдыкулов |