Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-августу № 5
Атуулдардан түшкөн арыздар жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Бекназаров Русландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эл Нуру” балдар бакчасынын имаратына телеком менен 2017-жылдын август айынан 2018-жылдын август айына чейин 1 жылдык мөөнөткө ай сайын 1000 сомдон аренда төлөп туруу үчүн келишим түзүү жагы белгиленсин.
2. Жайлоодон жайлоочуларды 10-сентябрга чейин көчүп келбөөсү жөнүндө эскертүү берүү жагы айыл башчыларга жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Бекназаров Русланга жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Малабеков |