Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-январы № 1/2
Ак-Кудук айылдык Кенешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө
Кенештин карамагына кирген маселелерди кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, ал чечимдерди айыл аймагында жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарылышына контролдук кылуу максатында кенештин туруктуу комиссияларын түзүү боюнча Ак-Кудук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кудук айылдык кенешинде төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
Бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясы;
Муниципалдык менчикти башкаруу, жер, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясы;
Социалдык маселелерди кароо боюнча туруктуу комиссиясы (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, этика)
Туруктуу комиссиялардын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Бюджет, салык, финансы боюнча туруктуу комиссиясынын курамы: А.Мусаева туруктуу комиссиянын төрайымы
Талант уулу Бек туруктуу комиссиянын мүчөсү Баркыжоков Майрамбек туруктуу комиссиянын мүчөсү.
2. Муниципалдык менчикти башкаруу, жер, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы:Сапарбек уулу Рахат, комиссиянын төрагасы Рыскелдиев Каныбек мучөсу Сабырбек уулу Данил мүчөсү.
3. Социалдык маселелерди кароо боюнча туруктуу комиссиясынын курамы: Примбаева Э. Комиссиянын торайымы Мукашов К. Комиссиянын мүчөсү Муканбетов И. Комиссиянын мүчөсү.
3. Бекитилген туруктуу комиссияларга Кенештин карамагына кирген маселелерди кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, ал чечимдерди айыл аймагында жайгашкан мекемелер менен уюмдардын аткарылышына контролдук кылууну, бекитилген регламентке ылайык иш алый барууну милдеттендирем.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын айылдык кенештин төрагасынын орун басарына дайындаймын.
Ак-Кудук айылдык Кеӊешинин төрагасы | З. Алдакеев |