Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/2
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура жайыт пайдалануучулар Бирикмесине «Арис» программасы боюнча мал чарбасын өнүктүрүү -1 долбоорунун негизинде курулуучу курулмалар жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура жайыт пайдалануучулар Бирикмесине «Арис» программасы боюнча мал чарбасын өнүктүрүү -1 долбоорун ишке ашыруу максатында Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жайыттарынын жолдорун оңдоого фронталдык погрузчик алууга;
- Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылына раскол ветеринардык аптека мал кыркуучу жайы менен курууга;
- Жайытка демонстрациялык аянтча курууга;
- Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ийри-Суу айылына мал дарылоочу раскол курууга уруксат берилсин.
2. АРИС программасы менен иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К.Асанбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |