Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/3
Ак-Кыя айылынын жер комиссиясынын 4-август 2015-жылдагы №5 протоколун кароо жөнүндө
Көп жылдан бери Ак-Кыя айылынын тургундары таза суу жок Нарын дарыясынан ичип, пайдаланып келишкен. Ошол себептен Ак-Кыя айылынын жер комиссиясынын 4-август 2015-жылдагы №5 протоколун карап жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айылынын жер комиссиясынын 4-август 2015-жылдагы №5 протоколу бекитилсин;
2. Ак-Кыя айылында таза суу чыгаруу үчүн Ак-Кыя айылынын ген планына ылайык күн чыгыш тарабынан таза суу чыгаруу үчүн 0,01га, суу сактоочу жай куруу үчүн 0,02га жана суу түтүктөрү өтүүчү трасса үчүн 0,3га жер тилкеси берилсин.
3. Резервуар жана каптаж ъчън 0,50га жер тилкеси берилсин.
4. Ген. планга ылайык таза суу чыгаруу боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |