Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/5
Ийри-Суу айылындагы «Бактылуу бала» бала бакчасына кенже тайпа ачуу жөнүндө
Ийри-Суу айылындагы “Бактылуу бала” бала бакчасына 1 жаштан 3 жашка чейинки балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу 1-январь 2017-жылдан баштап билим берүү бөлүмүнүн буйругунун негизинде 1 жаштан 3 жашка чейинки 25 (жыйырма беш) бала тарбияланууда.
Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айылындагы “Бактылуу бала” бала бакчасына кенже тайпа ачылсын.
2. Кенже тайпанын балдарынын толук катышуусуна жоопкерчилик алуу бала бакчанын жетекчиси Ж.Чакиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |