Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/6
Орто-Саз айылына вет. клиника, купка салуу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Саз айылына ветеринардык клиника жана купка салуу үчүн жер тилкесин чечип берүү жөнүндө. Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Саз айылынын «Сокур Кудук» участкасынан 10 сотых жер тилкеси ветеринардык клиника жана купка салуу үчүн берилсин.
2. Купка жана вет. клиникалардын мыйзамдуу салынышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана ветеринария боюнча адисине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |