Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/8
Ийри-Суу айылынын клубун бузуу жөнүндө
Нарын облустук жерге жайгаштыруу жана архитектура башкармалыгынын 2015-жылдын 15-декабрындагы №28 техникалык жыйынтыгынын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кенешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айылынын клубу жараксыз абалда экендиги аныкталгандыгына байланыштуу бузулсун.
2. Имаратты бузууда комиссия түзүлүп, жарактуу материалдар өзүн салганга пайдаланууга алынсын.
3. Комиссия түзүп, бузууну көзөмөлдөө жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына отчеттуулугун берүү Ийри-Суу айылынын айыл башчысы У.Абдыраймакуновго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |