Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/9
Чет-Нура айыл аймагынын 2016-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2016-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2218 | Тамак-аш алуу | 180,0 |
2 | 2222 | Материалдарды жана буюмдарды алуу | 65,0 |
3 | 2224 | Көмүр алуу | 45,5 |
4 | 3111 | Имараттар жана каналдар | 30,5 |
5 | 3112 | Машиналар жана камсыз кылуулар | 10 |
|
|
| 331,0 |
Баары-331,0 миң сом (үч жүз отуз бир миң сом)
3. Чет-Нура бала бакчасы ачылып, ишке берилгендигине байланыштуу ата-энелерден чогултулуучу атайын каражаттарга 140000 (бир жүз кырк миң) сомго кошумча план алуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.
4. Чет-Нура айыл аймагына караштуу «Чет-Нура» бала бакчасынын ата-энелер төлөмдөрү боюнча атайын каражаттары төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
5.
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2218 | Тамак аш алуу | 140,0 |
Баары – 140,0 миң сом (Бир жүз кырк миң сом).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |