Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/11
Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын 3-февраль 2017-жылдагы №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын 2016-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын 3-февраль 2017-жылдагы №3/1 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын 3-февраль 2017-жылдагы №3/1 токтомунда бекитилген 2222 статьясындагы ген. план үчүн каралган 120,0 миң сом акча каражаты 3111 статьяга 49,0 миң сом акча каражаты биометрикалык чуңкур куруу үчүн жана 71,0 миң сом акча каражаты “Бактыгул-Чабалдай” таза суусунун кеңейтилиши үчүн жылдырылып, бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |