Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/12
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Аппарат кызматчыларынын штаттык бирдигине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн жоболору тууралуу” 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 715 Токтомдорунун негизинде Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү тууралуу айыл аймагынын башчысы А.Мүсүркановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча чыгымдардын 2017-жылга сметасы бекитилсин.
2. Керектүү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевга милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |