Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/13
Ак-Сай өрөөнүнө купка салуу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө
Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Талант Зарлыкович Ак-Сай өрөөнүндөгү Кашка-Суу участогуна кой купкалай турган купканын оордуна кайра купка салып иштетүү үчүн уруксаат сурайт Жогорудагыларды угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Саз айылынын тургуну Мамыров Талант Зарлыковичке Ак-Сай өрөөнүндөгү Кашка-Суу участогундагы кой купкалай турган купканын оорду кайра купка салып иштетүү үчүн 0,50 сотых жери менен 20(жыйырма) жылга арендага (акысыз) берилсин.
2. Соц.фонд төлөмдөрүн жана жер налогдорун төлөө Мамыров Талант Зарлыковичке милдеттендирилсин.
3. Купканын мыйзамдуу салынышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана ветеринария боюнча адисине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |