Редакцияот 27/06/2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чет-Нура айылдык кеңешинин ХХVII чакырылышынын VI сессиясы

 

2017-жылдын 27- июну № 6/5

Депутаттардын айыл чарба, суу чарба жашылдандыруу көрктөндүрүү, энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын I-II кварталда жүргүзүлгөн иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө

Аталган туруктуу комиссиянын төрагасы  Ж.Ажыбеков  I-II кварталдагы иш-планына  ылайык жүргүзүлгөн иштери боюнча билдирүү жазады.

Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  VI сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын айыл чарба, суу чарба жашылдандыруу  көрктөндүрүү , энергетика боюнча туруктуу  комиссиясынын I-II кварталда жүргүзүлгөн иштерине эң жакшы деген баа берилсин.

2. Чет-Нура айылдык Кеңешинде башка багыттагы түзүлгөн туруктуу комиссияларга өз багытында иш планга ылайык иш алып баруулары тапшырылсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Чет-Нура айылдык

Кеӊешинин төрагасы

Т. Сыдыбеков