Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27- июлу № 7/2
ЖЧК «ТЭБ ДЖОН» компаниясынын Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу «Эки Бала» участогунан чачкын алтын кен боюнча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын кароо жөнүндө
ЖЧК «ТЭБ ДЖОН» компаниясы 2016-жылдын 30-майында «Эки-Бала» чачынды алтын кенин чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн кыргыз өкмөтүнө караштуу “ Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги” тарабынан лицензия алынган (4781 АР), анын максаты геологиялык чалгындоо иштери. Чачынды алтынды чалгындоо учурунда, баардык иш-чаралар мамлекеттик мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК «ТЭБ ДЖОН» компаниясына:
- Чет-Нура айыл өкмөтүнүн каттоосуна отуруу менен;
- 40% жумуш орду менен жергиликтүү элди жумуш орду менен камсыз кылуу менен;
- 350 миң сом банктык гарантия менен (соц.пакет) ;
- Экологиялык эрежелерди сактоо менен чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксаат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |