Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27- июлу № 7/3
ЖЧК «Либент» компаниясынын Орто-Нура айылынын өрдөшүнөн чачкын алтын кенине 248 га жерге геологиялык изилдөө жүргүзүүгө уруксаат сураган катын кароо жөнүндө
ЖЧК «Либент» компаниясы 2015-жылдын 27-октябрь айында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геологиялык жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин (№4422 АР) лицензиясынын негизинде Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылынын өрдөшүнөн чачкын алтын кенине 248га жерге геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө алган. Компаниянын максаты геологиялык чалгындоо жүргүзүү. Чалгындоо мамлекеттик мыйзамдардын негизинде жүргүзүлөт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЖЧК «Либент» компаниясына:
- Жергиликтүү элдин макулдугу менен “Либент” компаниясынын өкүлдөрү менен чогулуш өткөрүү менен геологиялык изилдөөгө уруксаат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Т. Сыдыбеков |