Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу № 8/1
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
2017-жылдын Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн көмүргө каралган акча каражатынан тендердин негизинде үнөмдөлгөн 379 700 (үч жүз жетимиш тогуз миң жети жүз ) сом акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап,
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн акча каражаты төмөндөгүдөй статьяларга жылдырылып, чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 3111 | Имараттар жана курулуштар | 297 300 |
2 | 2214 | Транспорт чыгымдары | 5000 |
3 | 2215 | Башка чыгымдар жана кызматтар | 27400 |
4 | 2222 | Материалдарды жана буюмдарды алуу | 50000 |
|
|
| 379 700 |
Баары-379 700 сом (үч жүз жетимиш тогуз миң жети жүз) сом.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы | Ж. Назарбаев |