Сравнение редакций…
Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 2-тиркеме Муниципалдык менчикти түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык) I. Жалпы жоболор 1. Ушул муниципалдык менчикти түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана муниципалдык мүлктү түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт. 2. Түз сатуу - муниципалдык менчик объекти белгиленген тартипте эки жолу ачык тоорукка коюлган, жана сатылбай калган учурда колдонулуучу менчиктештирүү ыкмасы. 3. Муниципалдык мүлктү сатуучу (мындан ары - Сатуучу) болуп муниципалдык мүлктү башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укуктуу муниципалдык орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) чыгат. 4. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн. Мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык мекемелер жана ишканалар менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктү сатып алуучулар боло алышпайт. 5. Төмөнкүлөр менчиктештирүү объекттери боло алат: муниципалдык ишканаларды өзгөртүп түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталындагы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр); муниципалдык ишкана мүлктүк комплекс катары; муниципалдык ишкананы кайра түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн ишке жарамдуу комплексти түзгөн муниципалдык ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү; мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү. Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталындагы менчик укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр) да ушул Жободо каралган тартипте түз сатуу ыкмасы менен сатылышы мүмкүн. 6. Түз сатуу ыкмасы менен менчиктештирилүүчү муниципалдык мүлктүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат жана бекитилет. |