Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгында катталган

2007-жыл 12-апрель. Каттоо номери 05-1-07

 

 

 

Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 27-мартындагы № 309 токтомуна 3-тиркеме

Аукциондо сатуу ыкмасы менен муниципалдык менчикти менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО

(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Муниципалдык менчикти аукциондо сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана аукциондо сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.

2. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги терминдер:

Аукцион - муниципалдык менчикти тоорук өткөрүү жолу менен сатуунун ыкмасы, мында менчик укугу тооруктун жүрүшүндө аукционго коюлган менчиктештирүү объекти үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жакка өтөт. Аукцион бааны белгилебестен аукцион түрүндө, ал эми акциялардын муниципалдык пакеттерин баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучулар аркылуу сатууда өткөрүлүшү мүмкүн;

Баштапкы баа-менчиктештирүү объектисинин аукциондо баштапкы катары белгиленген баасы;

аукциондун кадамы-тооруктун жүрүшүндө баштапкы баа жана аукциончу жарыялаган ар бир кийинки баа жогорулатыла турган үстөк.

3. Муниципалдык мүлктү сатуучу (мындан ары - Сатуучу) болуп муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - Ыйгарым укуктуу орган) чыгат.

Аукциондо сатуу ыкмасы менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жөнүндө маселени Сатуучу демилгелейт жана буга Бишкек шаардык кеңешинин макулдугун алат.

Аукциондун уюштуруучусу муниципалдык мүлктү Сатуучу катары чыгат.

Сатуучунун ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

аукционго коюу үчүн менчиктештирүү объекттерин аныктоо;

менчиктештирүү объекттеринин наркын баалоо жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу жана баштапкы баасын бекитүү;

аукционду өткөрүү датасын аныктоо;

маалыматтык билдирүүнү өз убагында жарыялоону камсыздоо;

аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколду бекитүү;

сатып алуучу менен менчиктештирүү объектисин сатып алуу-сатуу келишимин түзүү;

сатып алуучу менен эсептешүүлөр.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке же юридикалык жактар болушу мүмкүн.

Мамлекеттик, ошондой эле муниципалдык мекемелер жана ишканалар сатып алуучулар боло алышпайт.

5. Аукциондо сатылуучу менчиктештирүү объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

муниципалдык ишканаларды кайра түзүү процессинде түзүлгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы (уставдык капиталындагы) Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр);

муниципалдык ишканалар мүлктүк комплекс катары;

муниципалдык ишкананы кайра уюштуруунун (жоюунун) натыйжасында түзүлгөн муниципалдык ишкананын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмдөрү ишке жарамдуу комплексти түзөт;

мүлктүн айрым курамдык бөлүктөрү.

Менчиктештирүү процессинде түзүлбөгөн чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун капиталындагы (уставдык капиталындагы) менчик укугуна Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна таандык акциялар (үлүштөр) ушул Жободо каралган тартипте сатылат.

II. Аукционду даярдоо жана өткөрүү

6. Аукционду даярдоо жана өткөрүү Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен түзүлүүчү муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү жол-жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.

Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, кызыкдар болгон Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканаларынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, шаардык кызматтардын, Бишкек шаардык кеңешинин өкүлдөрү кирет. Анын курамына көз карандысыз эксперттер киргизилиши мүмкүн.

Комиссия Сатуучуга аудитордук, консультациялык, эксперттик жана башка уюмдарды ишке тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат.

Комиссиянын төрагалыгына Сатуучунун өкүлү дайындалат.

Комиссиянын курамына 7ден кем эмес адам кирүүгө тийиш.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Комиссиянын чечими жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Эгерде жыйынга анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, комиссия анын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуштар тең болуп калган учурда комиссия төрага добуш берген чечимди кабыл алат. Жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлган комиссиянын чечимдери протоколдор менен таризделет.

8. Комиссиянын милдети болуп төмөнкүлөр саналат:

муниципалдык мүлк объекттерин сатуу боюнча тооруктарды өткөрүү форматы жөнүндө чечим кабыл алуу;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аукционду даярдоо жана өткөрүү;

өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыктарын чыгаруу.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)

9. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

10. Сатуучу аукционду өткөрүү датасына чейин 30 (отуз) күн мурда аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү электрондук соода аянтчасында "жеке кабинет" аркылуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.

Маалыматтык билдирүү милдеттүү тартипте төмөнкү маалыматтарды өзүнчө камтууга тийиш:

сатуучунун аталышы;

сатуу объектисинин жайгашкан жери;

сатуу объектисинин бирдейлештирилген коду жана функционалдык дайындалышы, аянты жана параметрлери (мүнөздөмөсү), техникалык абалы;

электрондук соода аянтчасында электрондук аукционго катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу, датасы, убактысы жана кабыл алуу аяктаган күн;

баштапкы сатуу баасы;

кепилдик төлөмдүн төгүүнүн суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле ал которулууга тийиш болгон эсептешүү реквизиттери;

сатуу мөөнөтү;

башка маалымат (сатуучунун каалоосу боюнча).

11. Сатуучу аукционду өткөрүү датасына чейин 30 (отуз) күн мурда аукцион өткөрүү жөнүндө билдирүүнү электрондук соода аянтчасында "жеке кабинет" аркылуу маалыматтык билдирүүнү жайгаштырууга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого жана Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын расмий сайтына жайгаштырууга милдеттүү.

Маалыматтык билдирүү милдеттүү тартипте төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтууга тийиш:

сатуучунун аталышы;

сатуу объектисинин жайгашкан жери;

сатуу объектинин идентификациялык коду жана функционалдык дайындалышы, аянты жана параметрлери (мүнөздөмөсү), сатуу объектисинин техникалык абалы;

электрондук соода аянтчасында электрондук аукционго катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу, датасы, убактысы жана кабыл алуу аяктаган күн;

сатуунун баштапкы баасы;

кепилдик төлөм төгүүнүн суммасы жана мөөнөтү, ошондой эле ал которулууга тийиш болгон эсептешүү реквизиттери;

сатуу мөөнөтү;

башка маалымат (сатуучунун каалоосу боюнча).

(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)

12. Аукцион өткөрүү, анын жыйынтыктарын чыгаруу тартиби, катышуучулардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

(Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомунун редакциясына ылайык)

13. (Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)