Загрузка документа…
Токмок шаардык Кеӊешинин 2009-жылдын 18-августундагы №119/20-2 токтому менен бекитилген
Токмок шаардык Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндөгү ЖОБО
Бул Жобонун максаты, Токмок шаардык Кеңешинин депутаттарынын статусун, анын ыйгарым укуктарын, депутаттык ишмердүүлүгүнүн кепилдигин, депутаттардын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилигин бекемдөө, депутаттык жигердүү иш үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү.
1-берене. Депутаттын жергиликтүү өз алдынчабашкаруу ишине катышуусу.
Токмок шаардык Кеңешинин депутаттарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку өкүлчүлүктүү органынын функциясын аткаруу, анын жумушуна, ар бир депутаттын демилгелүү жана жигердүү катышуусуна негизделет.
Депутаттар Токмок шаардык Кеңешинин ишине катышуу менен, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын маанилүү суроолорун чечишет.
Өз ишинде депутаттар жарандардын кызыкчылыгын жетекчиликке алышат,өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын коргошот, ошондой эле шаардын экономикалык, маданий,улуттук жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алышат.
Депутат өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Токмок шаардык Кеңешинин
чечимдеринин негизинде түзөт, өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын аткарылышына жетишет.
2- берене. Токмок шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары жөнүндөгү мыйзамдар.
Депутаттардын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен аныкталат.
3- берене. Депутаттын ыйгарым укуктары жана алардын мөөнөтү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын шайлоо округунан жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Кеңешке шайланганда алат.
Депутаттын ыйгарым укуктары Токмок шаардык Кеңешинин биринчи сессиясы ачылган күндөн тартып башталат жана кийинки шайланган кеңештин биринчи сессиясы ачылган күнү бүтөт.
4-берене. Депутаттык ишти, өндүрүштүк же кызматтык милдеттерди аткаруу менен айкалыштыруу.
Депутат өзүнүн ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөй туруп жүзөгө ашырат.
5-берене. Депутаттын шайлоочулар менен өз ара мамилеси, алардын алдында жоопкерчилиги.
Депутат, шайлоочулар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, эмгек жамааттары жана саясий партиялар, ошондой эле Токмок шаарынын аймагында жайгашкан ишканалардын,мекемелердин жана мамлекеттик органдардын жамааттары менен байланышта болуп турат.
Депутат өзүнүн шайлоочуларынын алдында жоопкер жана аларга отчет берип турат.
Шайлоочулардын ишенимин актабаган депутатка карата, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен,аны чакыртып алуу маселеси каралышы мүмкүн.
Токмок шаардык Кеңешинин депутаты, төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынышы мүмкүн: -депутаттык милдетти ак ниети менен аткарбаса; -шаардык кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаса;
-туруктуу депутаттык комиссиянын отурумдарында, 3 ай катары менен, себепсиз жок болсо;
-өзүнүн депутаттык статусун жеке максатта колдонсо.
6-берене. Депутаттын Кеңеш менен өз ара мамилеси.
Депутат, Кеңештин, ал түзгөн туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгүнө катышууга бардык толук укуктар менен камсыз болот, Кеңештин тапшырмаларын аткарууга милдеттүү.
Депутат Кеңеште өзүнүн милдеттерин аткарбаган, алардын ишинин белгиленген тартибин дайыма бузган учурда, депутаттык этиканын талаптарын бузганда, депутаттын жүрүм - туруму жөнүндөгү маселе, Кеңеш же Кеңештин ылайык комиссиясы тарабынан каралышы мүмкүн.
Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы, шаардык Кеңештин аппараты депутаттардын ишине зарыл жардамдарды көрсөтүшөт, Кеңештин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат беришет.
7-берене. Депутаттын абийирин, аброюн жана ишкерлик зоболосун коргоо укугу.
Мамлекет ар бир депутатка ыйгарым укуктарын токтоосуз жана үзүрлүү ишке ашарышына, анын абийирин, аброюн жана ишкерлик зоболосун коргоого кепилдик берет.
Депутаттын абийирине, аброюна жана ишкерлик зоболосуна шеек келтирген адамдар, мыйзамдуулукка ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
Депутаттын алдында өзүнүн милдеттерин аткарбаган, анын ишине тоскоол болгон, ага жалган маалымат берген, депутаттык ишмердүүлүктүн кепилдиктерин бузган мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, башка органдардын, коомдук уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдары, мыйзамдуулукка ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
8-берене. Кеңештин чечими менен депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу.
Депутаттын ыйгарым укуктары Кеңештин чечими менен, депутаттын мыйзам боюнча депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна шайланганда же дайындалганда, же соттун айыптоочу өкүмү депутатка карата күчүнө киргенде, ошондой эле, депутат Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
Депутаттын ыйгарым укуктары Кеңештин чечими менен, ыйгарым укуктарын аткарууга кандайдыр бир себептер менен тоскоолдуктар болсо, же ушул жободо көрсөтүлгөн 5-беренедеги негиздерге ылайык, жеке арызы мекен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
9-берене. Депутаттын Кеңештин сессияларына катышуусу.
Токмок шаардык Кеңешинин сессияларында депутаттар жамааттык жана эркин талкуулоонун негизинде, ошол Токмок шаардык Кеңешинин тескөөсүнө таандык маселелерди карашат жана чечишет.
Депутат Кеңештин сессияларында, өзү курамына кирген органдардын отурумдарынын ишине жигердүү катышууга милдеттүү. Отурумда же сессияда болууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда, депутат бул жөнүндө Кеңештин төрагасына маалымдайт.
Шаардык Кеңештин төрагасы жана аппарат күн мурунтан, Токмок шаардык Кеңешинин Регламенти менен бекитилген мөөнөттө, сессиянын чакырыла турган убагы жана өткөрүлө турган жери жөнүндөгү маалыматты, карала турган маселелер жана ушул маселелер боюнча бардык материалдарды берет.
10-берене. Депутаттын Кеңештин сессиясындагы укуктары.
Депутат Токмок шаардык Кеңешинин сессияларында каралуучу бардык маселелер боюнча чечүүчү добуш укугунан пайдаланат.
Депутат төмөнкү укуктарга ээ:
Кеңештин органдарына шайлоого жана шайланууга;
-Кеңештин кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
-күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана алардын маани - маңызы боюнча сунуштар жана сын-пикирлер киргизүүгө;
-чечимдердин долбоорлорун жана аларга карата түзөтүүлөрдү киргизүүгө;
-Кеңеш түзүүчү комиссиялардын жекече курамы боюнча ой-пикирин айтууга;
-талкуулорго катышууга, суроо-талаптар менен кайрылууга, суроолорду берүүгө;
-өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн жүйө себептери боюнча чыгып сүйлөөгө, маалыматтарды берүүгө;
-Кеңешке отчет берүүчү, болбосо анын көзөмөлдүгү астындагы ар кандай органдын же кызмат адамынын отчетун же маалыматын угуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Депутат Кеңештин сессиясында талкууланган маселе боюнча өзүнүн чыгып сүйлөй турган сөзүнүн, сунуштарынын жана сын - пикирлеринин текстин төрагалык кылуучуга бере алат.
11-берене. Кеңеш түзгөн органдарга, алардын курамына кирген адамдарга, Кеңеш шайлаган, дайындаган же бекиткен кызмат адамдарына ишенич көрсөтпөө жөнүндө маселе коюу укугу.
Депутат Кеңеш түзгөн органдарга, алардын курамына кирген адамдарга, Кеңеш шайлаган, дайындаган же бекиткен кызмат адамдарына ишенич көрсөтпөө жөнүндө маселе коюуга укугу бар.
12-берене. Депутаттык суроо-талап жана депутаттык суроо.
Депутаттык суроо-талап - бул депутаттын Кеңештин сессиясына коюлган маселелер боюнча, мамлекеттик жана башка органдардан же кызмат адамдарынан расмий түшүндүрмө берүү же көз карашын баяндоо талабы.
Депутат шаардык Кеңештин төрагасына, Токмок шаарынын мэрине, анын кызматтарынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан, шаардын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерине суроо - талап менен кайрылууга укугу бар.
Суроо-талап, депутат же депутаттар тобу тарабынан жазуу жүзүндө же оозеки түрдө киргизилиши мүмкүн, жазуу жүзүндө киргизилген суроо-талап, Кеңештин сессиясында жарыяланат.
Суроо-талап коюлган мамлекеттик же башка орган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугу бекиткен тартипте, белгиленген мөөнөттө ага оозеки же жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш.
Кеңеш шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан же кызмат адамынан, Кеңеш белгилеген мөөнөттө, депутаттык суроо - талаптын аткарылышы боюнча отчету талап кыла алат.
13-берене. Кеңештин сессиясына кароого коюлган депутаттын сунуштарын, сын-пикирлерин кароо тартиби.
Кеңештин сессиясында депутат тарабынан айтылган же жазуу жүзүндө сессияда төрагалык кылган адамга берилген сунуштар, сын-пикирлер, Кеңеш тарабынан каралып же кароо үчүн тиешелүү мамлекеттик же башка органдарга, коомдук уюмдарга жана кызмат адамдарына жөнөтүлөт.
Кеңештин сессиясына коюлган депутаттардын сунуштары жана сын-пикирлери жөнөтүлгөн мамлекеттик, башка органдар жана коомдук уюмдар, ошондой эле кызмат адамдары, бир айдан кеч эмес мөөнөттө бул сунуштарды жана сын-пикирлерди карап чыгып, жыйынтыгын депутатка, ошондой эле шаардык Кеңешке билдирүүгө милдеттүү.
Депутаттардын сунуштарын жана сын-пикирлерин кароо жана аткаруу, шаардык Кеңештин төрагасы жана аппараты тарабынан көзөмөлгө алынат.
14-берене. Депутаттын Кеңештин органдарындагы иштерине катышуусу.
Токмок шаардык Кеңешинин депутаты көрсөтүлгөн органдарга ар түрдүү маселелерди жана сунуштарды кароого киргизүүгө, аларды кароого даярдоого, талкуулоого жана алар боюнча чечим кабыл алууга катышууга, ошондой эле Кеңештин, анын органдарынын чечимдерин аткарууну көзөмөлгө алууга жана иш жүзүнө ашырууну уюштурууга укуктуу.
Өзү курамына кирген Кеңештин органынын чечими менен макул болбогон депутат, өзүнүн көз карашын Кеңештин сессиясында айтууга укугу бар.
Туруктуу комиссиянын курамына шайланган депутат, туруктуу комиссиянын ишине добуш берүү укугу менен катыша алат.
Туруктуу комиссиянын мүчөсү болбогон депутат, туруктуу комиссиянын ишине кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат.
Депутат Кеңеш түзгөн туруктуу жана убактылуу депутаттык топторго кирүүгө жана алардан эркин чыгып кетүүгө укуктуу.
15-берене. Депутаттын Токмок шаарынын мэриясынын, анын алдындагы кызматтардын, башка органдардын, ишканалардын, мекемелердин жана коомдук уюмдардын ишин текшерүүгө катышышы.
Кеңештин чечими менен депутат, Токмок шаарынын мэриясынын, Токмок шаарынын аймагында жайгашкан ведомстволук кызматтардын, башка органдардын, коомдук уюмдардын,ишканалардын, мекемелердин Кеңешке тиешелүү маселелер боюнча ишин текшерүүгө, зарыл документтер менен таанышууга, депутаттык иликтөөлөрдү жүргүзүүгө катыша алат. Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кагаз жүзүндө, депутат Кеңешке, ошондой эле мамлекеттик башка органдарга, коомдук уюмдарга, ишкана, мекемелерге маалымдайт, зарыл учурларда, алардын ишин жакшыртуу жөнүндө, кемчиликтерди жоюу, мыйзамсыз чечимдерди жокко чыгаруу, мыйзамдуулукту бузган күнөөлү жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуш киргизет.
Депутат Кеңеште, Токмок шаарынын мэриясынын, анын алдындагы кызматтардын, Кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, башка органдардын, мекемелердин жана коомдук уюмдардын ишин текшерүү зарылчылыгы жөнүндөгү маселени козгоого, мыйзам тарабынан бекитилген тартипте, ар түрдүү маселелер боюнча иликтөө жүргүзүүгө укуктуу.
16-берене. Депутаттын шайлоо округундагы ишине байланыштуу укуктары.
Өзүнүн шайлоо округдарында депутаттар төмөнкү укуктарга ээ:
-шайлоо округдарындагы жарандардын олуттуу кызыкчылыктарын көздөгөн ар түрдүү маселелерди, мамлекеттик башкаруу органдарында жана коомдук тиешелүү органдарда жана башка уюмдарда кароого катышууга, бул органдар, депутаттарды, ушундай маселелер карала тургандыгы жөнүндө күн мурунтан кабарлоого милдеттүү;
- жарандардын, уюмдардын кайрылуулары аркылуу жана башка булактардан белгилүү болгон мыйзамды, жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулар, ишти созуу жана бюрократизм аныкталса, өзүнүн жеке демилгеси менен, зарыл учурларда коомчулукту тартуу менен текшерүүгө, бул үчүн зарыл маалыматттарды алууга, тиешелүү уюмдардан жана кызмат адамдарынан аныкталган бузууларды жоюуга;
-эмгек жамааттары менен жыйындарды,
конференцияларды, жолугушууларды өткөрүүгө;
Жергиликтүү аймактык өз алдынча башкаруунун отурумдарына, эмгек жамааттарынын, жашаган жеринин жарандарынын жыйындарына катышууга.
Депутат өзүнүн депутаттык ишмердүүлүгү боюнча радио жана телевидение аркылуу, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгууга укугу бар. Депутат тарабынан басып чыгарууга берилген материалдарды, анын макулдугусуз редакциялоого жол берилбейт.
17-берене. Депутаттын шайлоо округундагы ишине байланыштуу милдеттери.
Өзүнүн шайлоо округдарында депутаттар төмөнкүлөргө милдеттүү:
-калкка, эмгек жамааттарына, пландардын жана экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн
программаларынын, Кеңештин чечимдеринин, ошондой эле шайлоо алдындагы программанын аткарылышы жөнүндө үзбөй маалымат берип турууга;
-Кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлгө алууну уюштурууга катышууга;
-коомдук ой-пикирди, калктын керектөөлөрүн иликтейт, алар тууралу Кеңешке маалымдайт, аларды аткаруу боюнча сунуштарды киргизүүгө жана башка чараларды көрүүгө.
18-берене. Депутаттын жарандардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароосу.
Депутат өзүнө түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгат, аларды туура жана өз убагында чечүүгө карата чара көрөт, өзүнүн шайлоо округунун жарандарын үзбөй кабыл алат.
Жарандарды кабыл алууга катышууга шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, башка органдардын, шайлоо округунун аймагында жайгашкан коомдук уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдарын чакырууга укуктуу.
Депутат даттануулардын чыгышынын себептерин илйктейт жана аларды жоюу боюнча өз сунуштарын шаардык Кеңешке, шаардык жергиликтүү өз алдынча башкарууга, мамлекеттик, башка органдарга, коомдук уюмдарга, ишканаларга жана мекемелерге киргизет.
Депутат өзү жөнөткөн сунуштардын, арыздардын жана даттануулардын Кеңештин аймагында жайгашкан мамлекеттик, башка органдарда, коомдук уюмдарда,
ишканаларда жана мекемелерде каралышын көзөмөлгө алууга, аларды кароого жеке катышууга укуктуу.
Мамлекеттик, башка органдардын, коомдук уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин кызмат
адамдары депутаттын көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
19-берене. Депутаттардын шайлоочулардын алдында берген отчету.
Депутат мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өз жумушу, шайлоо алдындагы программасынын аткарылышы жөнүндө, аны депутаттыкка талапкер кылып көрсөткөн шайлоочулардын, эмгек жамааттарынын жана коомдук уюмдардын алдында отчет берүүгө милдеттүү. Депутаттын отчету, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте, шайлоочулардын же аны талапкерликке көрсөткөн коомдук уюмдун мүчөлөрүнүн талабы менен өткөрүлүшү мүмкүн.
Депутаттын отчету, ушул максат менен чакырылган шайлоочулардын жыйындарында, ошондой эле көрсөтүлгөн шайлоо округдарынан шайланган делегаттардын конференцияларында угулат.
Депутаттын отчету угулган жыйын, конференция, шайлоочулардын депутатка карата сунуштарын жана эскертүүлөрүн камтыган чечимдерди кабыл алат, ал чечим шайлоочуларга же аны талапкерликке көрсөткөн коомдук уюмдун мүчөлөрүнө маалымдалат.
Депутат өткөрүлгөн отчет жөнүндө шаардык Кеңешке маалымдайт.
20-берене. Депутатка отчетторду жана шайлоочулар менен жолугуушуларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
Депутаттардын отчетторун өткөрүү үчүн шайлоочулардын жыйындары, конференциялар жана алар менен жолугушуулар эмгек жамааттары, аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу чакырылат.
Депутатка отчетторду берүү үчүн, шайлоочулар, аны талапкерликке көрсөткөн коомдук уюмдун мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүү үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат. Бул максатта аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин администрациялары акысыз имарат бөлүп берет, депутаттын отчету өткөрүлө турган жерди жана убагын жарандарга маалымдайт, ошондой эле жер-жерлерде депутаттын ишине көмөк көрсөтүү боюнча башка чараларды көрөт.
21-берене. Депутаттын кайрылуусу.
Депутат бардык мамлекеттик, башка органдарга жана коомдук уюмдарга, менчик түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге, органдарга, алардын кызмат адамдарына, депутаттык ишмердүүлүгү менен байланышкан маселелер боюнча кайрылууга жана коюлган маселелерди кароого катышууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары депутаттын кайрылуусуна токтоосуз жооп берүүгө, кошумча иликтөө же текшерүү талап кылынса - он күндөн кем эмес мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
22-берене. Депутаттын кызмат адамы тарабынан токтотпой кабыл алынуусу.
Депутаттык иштин маселелери боюнча депутат Токмок шаарынын аймагындагы мамлекеттик, башка органдарга жана коомдук уюмдарга, ишканаларга, мекемелерге, токтоосуз кирүү укугунан, ошондой эле алардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын токтотпой кабыл алуу укугунан пайдаланат.
Депутаттын, иши мамлекеттик сырга же мыйзам менен корголгон башка жашыруун сырга байланышкан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга келип-кетүү тартиби тийиштүү мыйзам актылары менен белгиленет.
23-берене. Депутаттын мыйзамдуулуктун бузулушун жоюуну талап кылуу укугу.
Жарандардын укуктарын бузулушу же башка мыйзам бузуулардын бети ачылганда, депутат укук бузууну токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл болгон учурларда укуктун бузулушуна бөгөт коюу талабы менен тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу. Мыйзам бузуу фактысы, депутат тарабынан же анын талабы менен тийиштүү укук коргоо жана көзөмөлдөө органынын өкүлү тарабынан түзүлгөн протоколдо белгиленет.
Мамлекеттик, жана башка органдардын кызмат адамдары, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы, ошондой эле депутаттын талабы багытталган милиция кызматкерлери укук бузууларды жоюуга карата токтоосуз чараларды көрүүгө, ал эми зарыл болсо - бул жөнүндө кийин депутатка маалымдоо менен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чаралар көрүүгө милдеттүү. Чаралар көрүлбөгөн учурда депутат кайрылган кызмат адамдары, мыйзамда белгиленген тартипте тартиптик же жазыктык жоопкерчилик тартышат.
24-берене. Депутаттык топтор.
Шайлоо округдарында депутаттык ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу боюнча биргелешип иштөө үчүн,
депутаттар, өз ара макулдашуу менен, Аймактык депутаттык топтор жөнүндөгү жобого ылайык, депутаттык топторго бириге алышат.
25-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо.
Кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, башка органдар, коомдук уюмдар, ишканалар жана мекемелер, алардын кызмат адамдары, депутаттар өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышат.
Токмок шаардык Кеңеши, анын аппараты, имарат, китепкана фонду жана архив менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн депутаттарга камсыз кылат.
26-берене. Депутатты өндүрүштүк же кызматтык милдеттерден бошотуу жана депутаттык ишмердүүлүк менен байланышкан чыгымдарды жабуу.
Депутаттар өз ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн, Мыйзамда каралган, шаардык Кеңештин сессиясы убагына, ощондой эле жана башка учурларда, депутаттык ишмердүүлүк менен байланышкан чыгымдарын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабуу менен, өндүрүштүк же кызматтык милдеттерден бошотулат.
27-берене. Депутаттын маалымат жана кеңеш алууга укугу.
Шаардык Кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аппараты, депутатты шаардык Кеңеш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан кабыл алган материалдар менен камсыз кылат.
Кеңештин аймагында жайгашкан, мамлекеттик, башка органдар, коомдук уюмдар, ишканалар жана мекемелердин администрациялары, депутаттын өтүнүчү боюнча, депутаттык ишмердүүлүгү менен байланышкан маселелер боюнча адистердин кеңеш берүүсүн токтоосуз камсыз кылууга миолдеттүү, мындай мүмкүнчүлүк жок болсо - бир айдан кеч эмес мөөнөттө ага керек маалыматты берүүлөрү керек.
28-берене. Депутаттын унааларда бекер жүрүү укугу.
Токмок шаардык Кеңешинин депутаты шаардын аймагында шаардык жүргүнчүлөр унааларынын бардык түрлөрүндө, ижарага алынган унааларда да (таксиден башка) бекер жүрүү укугу менен колдонушат.
29-берене. Депутаттын эмгектик укуктарын коргоо.
Депутат, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрацияларынын демилгелери боюнча, Кеңеш менен алдын ала макулдашуусуз, жумуштан бошотулбайт, окуудан чыгарылбайт же тартиптик жаза катары эмгек акысы аз төлөнгөн жумушка (кызматынан төмөндөтүүгө) которулбайт.
30-берене.Депутаттык күбөлүк жана депутаттын төш белгиси.
Депутат, депутаттык күбөлүк жана депутаттын теш белгисине ээ, ал Кеңеш тарабынан, анын депутаттык ыйгарым укуктары таанылгандан кийин берилет. Депутат, депутаттык күбөлүк жана депутаттын теш белгиси менен өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонот.
Токмок шаардык Кеӊешинин жоопту катчысынын милдетин аткаруучу |
И.Джунушалиева |