Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ IX СЕССИЯСЫ
(I ЧАКЫРЫК)
2004-жылдын 15-декабры, № 76
Ош шаарындагы таштандыларды алып чыгууга коюлуучу
бааларды (тарифтерди) бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2004-жылдын 1-декабрындагы №634\07-37 Ош
шаарындагы таштандыларды алып чыгууга коюлуучу бааларды (тарифтерди)
бекитип берүү жөнүндөгү катын карап чыгып, депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин коммуналдык менчик, курулуш жана архитектура маселелери
боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын токтомунун негизинде, ошондой
эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып,
депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындагы таштандыларды алып чыгууга коюлуучу баалар
(тарифтер) бекитилсин (тиркелет).
2. Ош шаарынын мэриясына (С.Чырмашев) жогорудагы таштандыларды
алып чыгууга коюлуучу бааларды (тарифтерди) шаардык юстиция белумунен
каттоодон өткөрүү жана массалык маалымат каражаттарында чагылдыруу
тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин коммуналдык менчик, курулуш жана архитектура маселелери
боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Алишеров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин торагасы Т.Латибжанов