Редакцияот 09.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2015-жылдын 9-апрели № 4

Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы борбордук

маданият үйүнө кошумча корпус куру жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча

каражатын бөлүү жөнүндө

 

Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин сунушун талкуулап Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айылдык аймагынын Дароот-Коргон айылындагы борбордук маданият үйүнө кошумча корпус куруу жана капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 849 781 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов