Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-октябры №8
“Жашатар”, “Нарбото” жана “Жакыпбек” көчөрөлөрүнө 2009-жылы гравий төгүлүп бүтпөй калган жерлерине, гравий төгүү жөнүндө
Боо-Терек айыл округунун, XXIX-чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутатты Э.Смайылбековдун, “Жаштар”, “Нарбото” жана “Жакыпбек” көчөлөрүнө былтыр 2009-жылы гравий төгүлүп бүтпөй калган жерлерине, гравий төгүлсүн деген сунушун, угуп талкуулап, Боо-Терек айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаштар”, “Нарбото” көчөлөрү менен “Жакыпбек” көчөсүнүн былтыр гравий төгүлүп бүтпөй калган жерлерине, гравий төгүлүш үчүн Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн бюджетинен 25 000 (жыйырма беш) миң сом акча каражат каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Боо-Терек айыл округунун жергиликтүү өз –алдынча башкаруу Кеңешинин төрагасы |
Э.Смайылбеков |
|
|