Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 29- апрель № 9\2
Кара-Кулжа райондук Кеңешинин сессияларында райондук Кеңештин депутаттары, башка чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтылган сын,сунуш,пикирлер боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш- чараларынын планынын аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин сессияларында райондук Кеңештин депутаттары, башка чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтылган сын, сунуш, пикирлер боюнча түзүлгөн райондук Кеңештин иш чараларынын планынын аткарылышы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Каракулжа райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин сессияларында, райондук Кеңештин депутаттары, башка чыгып сүйлөгөн кызмат адамдары тарабынан айтылган сын,сунуш, пикирлерди аткарууга алуу боюнча түзүлгөн райондук Кенештин иш чараларынын аткарылышы айрым кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
Райондук Кеңеш тарабынан түзүлүп жөнөтүлгөн иш чаралардын аткарылышына маани бербегендиктери мурдагы сессияда да эскертилип айтылгандыгына карабастан бул кемчилдиктерди дагы кайталагандыктары үчүн Кара-Кулжа, Кенеш, Кара-Гуз, Сары-Булак, Капчыгай айылдык округдардын башчылары Т.Апиев, 3. Каратаев, О.Дооронов, А.Конуратов, Т.Кадырбековдун кызматтык жоопкерчиликтерин тиешелүү айылдык округдардын Кенештеринин сессияларында талкуулап райондук Кеңешке жыйынтыктарын билдирүү жактары айылдык округдардын Кеңештеринин төрагаларына сунуш кылынсын жана райондук үй-бүлөөлүк дарыгерлер борборунун директору К.Токтошов, «Ош-3000» базарынын башчысы А.Сыдыков, Кургак учук диспансеринин башчы дарыгери А.Исмаилов, суу чарба башкармасынын башчысы Э.Жумагулов, № 29-кесиптик лицейинин директору Т.Таирова, райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Д.Кадырбердиевдер райондук Кеңеш тарабынан түзүлүп жөнөтүлгөн иш чараларга өз убагында аткарылышы боюнча маалымат бербегендиктерин белгилөө менен бирге мындан нары мындай кемчилдиктерди кайталабоо жактары бул мекеме-уюмдун жетекчилерине эскертилсин жана бул кемчилдиктер дагы кайталана турган болсо алардын аткаруучулук тартиптеринин начардыгы тармактык министрликтерине чейин билдирилээри аталган жетекчилердин көңүлдөрүнө салынсын.
Райондун аймагындагы айылдык округдардын башчыларына, менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме,ишкана уюмдардын жетекчилерине райондук Кеңеш тарабынан жөнөтүлгөн тийиштүү иш чараларды өз убагында аткаруу жана анын аткарылышы боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө жазуу жүзүндө жооп берүү жактары милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин жетектөөчү адиси С.Кадыралиевге тапшырылсын.
Депутаттардын Кара-Кулжа райондук Кеңешинин төрагасы |
К. Алиязов |