Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-январы №209
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Папан» жана «Төлөйкөн» айылдык округдарын Ош шаарынын карамагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 28-январындагы № 37/08-6 Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Папан» жана «Төлөйкөн» айылдык округдарын Ош шаарынын карамагына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын, «Папан» айылдык округдук кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы кезексиз XI сессиясынын №20 токтомун, «Төлөйкөн» айылдык округдук кеңешинин 2011-жылдын 28-январындагы кезексиз XIV сессиясынын №14/1 токтомун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын, аталган маселе боюнча депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2011-жылдын 28-январындагы отурумунун №3-токтомунун негизинде депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Папан» жана «Төлөйкөн» айылдык округдарын Ош шаарынын карамагына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу «Папан» жана «Төлөйкөн» айылдык округдарын Ош шаарынын карамагына өткөрүү боюнча тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо жагы милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жанашаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөе депутаттардын Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, айыл чарбажана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынына (Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы | Д. Алимбеков
|