Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 54
“Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туризм тармагын өнүктүрүү” долбоордун каржылоосу жөнүндө
“Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туризм тармагын өнүктүрүү” долбоор тууралуу кыскача маалыматты угуп, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туризм тармагын өнүктүрүү” долбоорду ПРООНдун каржылоосу аркылуу инвестициялык салымдардан түшкөн акча каражаты атайын каражатынын 1441 статьясынын “учурдагы жардам” 14411100 элементине кириштелсин.
2. Айыл өкмөтүнүн атайын каражатына түшүүчү 633.4 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын чыгымдар боюнча сметага ылайык чыгымдоо менен бекитилсин.
3. Атайын каражатынын акча каражаттын чыгымдалышын толук аткарууга багытталган иш-чараларды регулярдүү түрдө ишке ашыруу жагы Д.Абдыкеримовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |