Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 57
Теплоключенка айыл аймагынын экономикалык-пландоо зонасын, зоналык коэффициентин, базалык ставкасын, тездик-узак коэффициентин, комиссиялык чогултуусун жана кепилдик төлөмүнүн өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Теплоключенка айыл аймагынын экономикалык-пландоо зонасын, зоналык коэффициентин, базалык ставкасын, тездик-узак коэффициентин, комиссиялык чогултуусун жана кепилдик төлөмүнүн өлчөмдөрү боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкууга алып, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелери:
- 1 (бир) экономикалык-пландоо зона болуп бекитилсин;
- зоналык коэффициенти 2.0 өлчөмдө бекитилсин;
- базалык ставкасы 1.8 өлчөмдө бекитилсин;
- тездик-узак коэффициенти ижара мөөнөтү 5-жылга чейин 2.0 өлчөмдө; 15-жылга чейин - 1.5 жана 49-жылга чейин – 1 өлчөмдө бекитилсин;
- комиссиялык чогултуусунун өлчөмү 3% болуп бекитилсин;
- кепилдик төлөмүнүн өлчөмү 10% болуп бекитилсин.
2. Токтом каттоо Реестр журналына катталсын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жана облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстар, экология, агрардык реформа жана турак-жай коммуналдык чарбадагы маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсун.
Төрага | К.С. Джаныбеков |