Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 58
Маданий-спорттук комплексинде калкка кызмат көрсөтүүнүн көп функциялуу борборун ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кызмат көрсөтүү борбор калктын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн түздөн-түз бир гана жерден пайдалануусуна, мамлекеттик уюмдар (мекемелер) менен иштешүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартууга (жеңүүгө), бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү айкындуулукту жана ачыктуулукту жогорулатуу максатында айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калкка кызмат көрсөтүүнүн көп функциялуу борборун маданий-спорттук комплексинде ачууга макулдук берилсин.
2. Токтом каттоо Реестр журналына катталсын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жана облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы – айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |