Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-октябры № 59
Айыл өкмөтүнүн “Ачык айкындуулук паспортун” алууга билдирмени бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин тарабынан уюштурулган “Айкындуулук паспорту” Кыргыз Республикасын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин жарандык коомдун кылдат байкоого алуусу алдында жүзөгө ашырууга тийиш.
Жарандык коом менен өз ара тыгыз иш алып барууну күчөтүү, жарандарды жана алардын бирикмелерин макулдашылган чечимдерди талкуулап, кабыл алууга тартуу, коомчулука өз иши тууралуу дайыма маалымат берип туруу, мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын иш багытынын ажырагыс элементинен болуп калууга тийиш” экендиги камтылган Жобо ЖӨБЭММАнын 2016-жылдын 27-январындагы №01-24/17 буйругу менен бекитилген. Ушул буйрукту ишке ашыруу максатында, айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн “Айкындуулук паспортун” алууга берген билдирмеси бекитилсин.
2. Токтом каттоо Реестр журналына катталсын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агентигинин сайтына жайгаштыруу үчүн жана облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы – айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | К.С. Джаныбеков |