Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-ноябры № 63
Ак-Суу балдар үйүнүн 3 гектар арпасын бир жылдык чөпкө которуу жөнүндө
Ак-Суу балдар үйүнүн 2016-жылдын 15-августундагы актысынын жана айылдык кеңшинин муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2016-жылдын 9-ноябрындагы протоколунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу балдар үйүнө караштуу 3 га арпа чөпкө чабылгандыгына байланыштуу 29-СХ отчетуна чөп катары киргизүү жагы Ак-Суу райстат бөлүмүнөн суралсын.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, жаратылыш ресурстары, экология, агрардык реформа жана турак-жай, коммуналдык чарбадагы маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсун
Төрага | К.С. Джаныбеков |