Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI шайланган депутаттарынын 3- сессиясы
2017-жылдын 9-февралы № 8
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2018-2019-жылдарга проектисин кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү боюнча 2018-2019-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кеңешинин бюджет.финансы.салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Дөң-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 15927,8 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 12266,7 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелери жана чыгашалары 15861,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2018-2019-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 155,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин .
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2017-18-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы.социалдык фондко чегерүү. Тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүү), коммуналдык кызматтар (электр энергия.комүр.суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
6. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр бюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
7. Республикалык бюджеттен тендөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
8. Бюджеттик мекемелер, чарба жургузуу субьектилер жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
10. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2017-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Эсеналиев |