Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июну № 7
Куйручук айыл аймагына таштанды таштоочу жай уюштуруу жөнүндө
Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Асановдун айылга таштанды таштоочу жайды аныктап берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагына таштанды таштоочу жай бөлүп “Кара-Суу” участкасындагы эски кум алган карьер аныкталсын.
2. Аныкталган жердин документтери даярдалып, тиешелүү органдарга сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Асановко жүктөлсүн.
Төрага | К. Чокоев |