Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-ноябры № 15
Куйручук айылдык Кеңештин 2016 –жыл 8-ноябрь кезектеги сессиясындагы Кыргыз Республикасынын финансы министрилигинен кошумча болунуп келген каражатты бөлүштүрүү боюнча Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Куйручук айылдык Кеңештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен кошумча бөлүнүп келген каражат төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
- Куйручук айылынын борбордук көчөлөрүнүн жарыктандырууга лампаларды орнотуу үчүн 166850 (жүз алтымыш алты мин сегиз жүз элүү) сом .
-Куйручук айылынын таза суу менен камсыз кылуу максатында кошумча насос сатып алуу үчүн 98752(токсон сегиз мин жети жүз элүү эки)сом.
-Куйручук айылынын бала бакчасынын жылуулук системасын борбордук котельныйга кошуу жана бала бакчанын ички жылуулугун камсыз кылуу максатында 164398 (жүз алтымыш төрт миң үч жүз токсон сегиз ) сом.
-Куйручук айылынын Маданият уйуно 50 000(элүү миң) сом.
Куйручук айылынын орто мектебинин спорттук залынын тышкы каалгасын жанылатуу учун 20 000( жыйырма миң) сом.
2. Бул Токтомдун аткарылышын жана болунгон каражатты мыйзамдуу пайдалануу жагы Куйручук айылынын айыл окмот башчысы Т. Асановго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Чокоев |