Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-январы № 1/5
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө талапкерлерди карап сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо тартиби жөнүндөгү № 53 беренесине ылайык, депутаттардын Кум-Дөбө айылдык кеңешинин У1-чакырылышынан шайланган айылдык кеңештин депутаттарын карап жана талкуулап, айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылдык кеңешине шайлоо округунан шайланып келген депутаттардын сунуш көрсөтүүсү менен төмөндөгүлөр айыл өкмөтүнүн башчысына көрсөтүлсүн.
1. № 3 Кеңсе шайлоо округунан шайланган депутат Дүйшөбаев Рахатбек, айыл өкмөтүнүн башчысына талапкер Асанбаев Майрамбек Жекшенович.
2. № 2 Кум-Дөбө шайлоо округунан шайланган депутат Жаналиев Амантур. Айыл өкмөтүнүн башчысына талапкер Осмонов Нурлан Шамшыбекович.
3. № 3 Кеңсе шайлоо округунан шайланган депутат Асакеев Бекбоо. Айыл өкмөтүнүн башчысына талапкер Убалиев Садыбакас.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө талапкер болуп көрсөтүлгөн талапкерлерди Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына кароо жагы сунушталсын.
3. Жогорудагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан сунушталган талапкер тиешелүү документтери 27.01.2017-жылга чейин Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына тапшыруу милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |