Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Муз айылдык Кеңешинин VI чакырылыштын 4-сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 4/7
Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин бюджетти жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин 2016-жыл ичиндеги бюджеттинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин 2017-жылга бюджетти төмөндөгүдөй бекитилсин:
-2017-жылга жалпы бюджет 426 240 сом мунун ичинен;
-63 960 сом төраганын айлык акысы
-59 460 сом бухгалтердин айлык акысы
-118 680 сом эки оператордун айлык акысы
-49 380 сом кароолчунун айлык акысы
-8000 сом комондировкалык чыгым
-15 336 сом налог үчүн төлөмгө
-61 056 сом социалдык төлөмгө
-4000 сом концелярдык товарга
-4 000 сом күйүүчү май бензин
-4 000 сом күйүүчү май солярка
-9 800 сом электр энергияга
-4000 сом санитардык иштерге
-6 000 сом Материалга
-9 720 cом Единица интернет
-8000 сом ар түрдүү чыгымдарга
Баардыгы: 133 912 сом.
3. 2016-жылда айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 600 000 сом акча каражатынан ашкан 327 428 сом, 2017-жылдын бюджетине кошумча киргизилсин.
4. «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин 2017-жылга карата тарифи Ак-Муз айылынын жалпы элдик жыйындын 02.03.2013-жылдагы № 2 токтому менен бекитилген боюнча төмөндөгүдөй калтырылсын:
-жалпы суу чоргоодон алуучуларга бир айга 60 сом;
-үй ичинен колдонуучуларга бир айга 120 сом;
-элге кызмат көрсөткөн мончоо ээлери бир айга 300 сом;
-үйгө таза суу киргизүү үчүн уруксаат алуу 2000 сом;
5. «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин атайын уруксаат кагазы жок үйүнө суу киргизүүгө тыюу салынат, эгер уруксааты жок киргизсе мыйзам чегинде чара колдонулат.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл аймагынын «Бороонду-Мүрөк» ИСКАКБнин төрагасы Убалий уулу Ырыскулга тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |