Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-марты № 11
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ичиндеги жасалгалар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектептин спорт аянтчасын авто токтом катарында пайдалануу үчүн түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, 35% муниципалдык менчик башкармасынын ишмердигин алып барууга жумшалсын, ал эми калган 65% шаар мэриясынын эсебине ай сайын которулуп тургандыгына байланыштуу Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ичиндеги жасалгалар үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ичиндеги жасалгалар үчүн 56 875 сом акча каражаты мектептин спорт аянтчасынын ижарасынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |